Жол, тротуар, балдар аянтчасы, жарык... Алтын-Ордонун 6 миңдей жашоочусунун акимден өтүнүчү






Бишкек шаарынын Октябрь районунун башчысы Мирлан Эшкожоев Кара-Жыгач жана Алтын-Ордо жаңы конушунун жашоочулары менен жолугушту. Жолугушууда жашоочулар акимге бир катар өтүнүчтөрдү айтышканын шаардык мэриянын маалымат кызматы бүгүн, 7-сентябрда кабарлады.
Маалыматка ылайык, аталган конуштун жашоочулары бала бакча, тротуар, жол, инженердик коммуникация, балдар аянтчасын, сквер куруп жана жолго жарыктандыруу орнотуу керектигин айтышкан.
"Аларга жооп кылып Эшкожоев Алтын-Ордо конушунда мектептин курулушу улантылып жатканын айтты. Бул үчүн 1 гектар 38 сотых жер бөлүнүп берилген. Ал бир нөөмөттө 480 окуучуга ылайыкталып, бир класста 30дан окуучу окуйт деп пландалган. Алтын-Ордодо 6 миң 400 адам жашаса, алардын 2 миң 280и мектеп окуучулары", - деп жазылат маалыматта.
Ошондой эле аким №1, 4, 5, 7 жана 9-көчөлөрүнө Чоң Чүй каналынан тартып шагыл төшөлүп жатканын кошумчалаган. Ал эми Көк-Жар конушундагы Чар көчөсүнө Конорчоктон тартып 7-Апрель көчөсүнө чейин мындай жумуш жасалып жатканы белгиленет маалыматта.
"Жолугушуунун жыйынтыгы менен акимдин орун басары Өмүрбек Тайтелиевге тиешелүү кызматтар менен биргеликте Алтын-Ордо конушунда канализациянын люктарын жана газ түтүктөрүн жаңылоо тапшырмасы берилди", - дешти мэриядан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:37
2025-07-27
17:51
2025-07-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.