super.kg logo

Индиялык ишкерлер Кыргыз өлкөсүнөн бал, кургатылган жемиштердин импорттолушуна кызыкдар

 

Индиялык ишкерлер Кыргыз өлкөсүнүн айыл чарба продукцияларынын импорттолушуна кызыкдар. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин алтынчы саясий департаментинин директорунун орун басары Рахман Аданов Индиянын Экономикалык соода уюмунун (IETO) президенти Асиф Икбал баш болгон Индиянын ишкер чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен жолугушуусунда маалым болду.

"Жолугушуунун жүрүшүндө Рахман Аданов экономика чөйрөсүндөгү мыйзамдарга киргизилген бир катар өзгөртүүлөр жана инновациялар тууралуу айтты. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө кыргыз экспортун, атап айтканда Индиянын рыногуна жеткириле турган органикалык айыл чарба продукциясы боюнча маселелер көтөрүлдү. Сүйлөшүүнүн дагы бир өзүнчө темасы Кыргыз жергесиндеги туризмди өнүктүрүү маселеси болду.

IETO'нун президенти Асиф Икбал маалымдагандай, индиялык делегациянын өкүлдөрүнө төмөнкүлөр өзгөчө мааниге ээ: жездин жана органикалык айыл чарба продукцияларынын (бал, кургатылган жемиштер жана башка) импорту, чакан мейманканалардын курулушу, алкоголдук ичимдиктердин сатылышы. Ал билим берүү тармагындагы кызматташууга болгон кызыкчылыгын да билдирди", - деп айтылат маалыматта.

Бул иш сапардын алкагында индиялык ишкерлер Кыргыз өлкөсүнүн мамлекеттик органдарынын жана жеке структураларынын өкүлдөрү менен да жолугушууларды өткөрүшөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: