Суусамыр өрөөнүндө эки айылды байланыштырган көпүрө урап калды
Чүй облусунун Жайыл районуна караштуу Суусамыр өрөөнүндө эки айылды байланыштырган көпүрө белгисиз себептерден улам урап калды. Бул тууралуу аталган өрөөндүн айыл өкмөт башчысы Максат Сейткулов порталыбызга билдирди.
Айыл өкмөт башчысынын айтымында, көпүрө Суусамыр айылы менен Арамза жайлоосун байланыштырып турган өрөөндөгү чоң көпүрөлөрдүн бири болгон. 28-август күнү белгисиз себептерден улам көпүрөнүн ортоңку бөлүгү толугу менен урап түшкөн.
"Көпүрө турган жеринен эле урап калды. Анын бузулуусуна эмне себеп болгонун атайын топ аныктайт. Ал үчүн биз суунун башын жогору жактан буруп беришибиз керек. Бирок сууну бурууга өзүбүздүн техникаларыбыздын күчү жетпей койгондуктан, ӨКМ аркылуу Кара-Кечеден техника чакыртканбыз. Учурда техникалар жолдо келе жатат", - деп билдирди айыл өкмөт башчысы.
Ошондой эле көпүрөнүн бузулуу себеби аныкталган соң Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кайра калыбына келтирип берерин кошумчалады.
Аталган көпүрө 2017-жылы салынган. Бул көпүрө аркылуу жергиликтүү тургундардан тышкары, көбүнчө Чүй, Талас жана башка аймактардан келген малчылар малдарын айдап Арамза жайлоосуна өтүп турган.


