"Буту күйүп, ириң пайда болсо дагы медициналык жардам көрсөтүлгөн эмес". Токтогулдагы түзөтүү мекемесинде мыйзам бузуулар аныкталды
Токтогул районундагы №52 түзөтүү мекемесинде мыйзам бузуулар аныкталды. Бул туурасында Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашкан. Буга байланыштуу улуттук борбордун өкүлчүлүгү облустук прокуратурага кайрылып, прокурордук текшерүү жүргүзүү өтүнүчүн билдиришкен.
Маалым болгондой, Кыйноолордун алдын алуу борборунун аймактык бөлүмүнүн кызматкерлери 2-сентябрда күтүүсүздөн түзөтүү мекемесине барышкан.
"Изолятордо жаткан соттолгондордун бири бутун күйгүзүп алып, анын кесепетинен санында ириңдүү жараат пайда болгонун эксперттер тобуна айтып даттанган. Ага буга чейин медициналык жардам көрсөтүлгөн эмес. Улуттук борбордун кызматкерлери дарыгер чакырышып, натыйжада жараат иштелип чыгып, бейтапка ийне сайылган.
22-августта дагы үч адам медициналык текшерүүсүз айып камерасына камалып, дээрлик эки аптага чейин аларга сейилдөөгө уруксат берилген эмес. Бул жазасын өтөп жаткандарга карата ырайымсыз мамиленин бир көрүнүшү деп белгилешкен улуттук борбордун Жалал-Абад облустук өкүлчүлүгүнөн.
Текшерүүчү топ мындан башка дагы мыйзам бузууларды аныкташкан. Тамак-аш кампасында кант жана жумуртка жок болсо, азык-түлүк блогундагы "дезинфекциялоочу бурчта" аптечка да жок. Идиш-аяктар кир, кесип-тууроочу тактайлар сынган. Ашпозчунун санитардык китепчеси жок (бул мыйзам бузуу түзөтүү мекемесине буга чейинки келген сапарда да белгиленген).
Түшкү ысык тамак эти жок берилет. Ашпозчунун айтымында, ал соттолгондорго бир аптадан бери эле эти жок тамак даярдап келет. Бирок муздаткычта чийки эт бар. Балким, мекеменин жетекчилиги текшерүү учурунда муздаткычка салып койгонго жетишкендир. Буга чейин деле бул жерде "этке үнөм кылып келишкен" деп билдиришти. Улуттук борбордун кызматкерлери прокуратурага бир нече жолу арыз жазышкан, бирок кайрылуулар эске алынган эмес", - дешти улуттук борбордун маалымат кызматынан.
Улуттук борбордун облустук бөлүмүнүн өкүлдөрү акт түзүшүп, №52 түзөтүү мекемесиндеги мыйзам бузууларды четтетүү боюнча чараларды көрүү жана мындай кылмыштуу фактыларга жол бергендерди жазалоо өтүнүчү менен прокуратурага дагы бир ирет кайрылуу жолдошту.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:51
2025-07-26

12:02
2025-07-26

Рейтинг:
-1

Комментарийлер(1)
aslonur

08.09.2021. 06:39
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ит кармагандай кармашат да негизи, прокуратура тыгыз иштешишет алар менен ошого кайрылууну карашпайт, негизи спроведливость не была и дальше не будет эгер ошол адамдар кызмат орундарында калышса
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.