Кыргыз-Казак парламентинин төрагалары жолугушуп, бир канча маселелер тууралуу сүйлөшүштү
Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Вена шаарында өтүп жаткан парламент спикерлеринин Бүткүл дүйнөлүк V конференциясынын алкагында Казакстандын парламентинин Мажилисинин төрагасы Нурлан Нигматулин менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.
Алгач Талант Мамытов Нурлан Нигматулинге жана Казакстан калкына Жамбыл облусунун Байзак районунда жайгашкан аскердик бөлүктөгү көп адамдардын өлүмүнө алып келген жарылууга байланышуу көңүл айтты.
Тарыхы тамырлаш эки элдин байланышы тууралуу сөз кылган Талант Мамытов орток маданиятты жана руханий мурастарды сактоо зарылчылыгына токтолду. Муну менен катар Казакстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктап, көз карандысыздыкты калыптандырууда жана өнүктүрүүдө биринчи президент-Эл башы Нурсултан Назарбаевдин тарыхый ролун баса белгиледи.
Андан тышкары төрага заманбап чакырыктардын шартында эки тараптуу алакаларды арттыруу, пандемия менен натыйжалуу күрөшүү үчүн саламаттыкты сактоо жаатында өз ара байланышты өнүктүрүү маселелерин кеп кылды. Баарлашууда айрыкча Ооганстандагы абал да кеңири талкууланып, эки өлкөнүн коопсуздугуна тиешелүү мыйзамдарды шайкеш келтирүү зарылчылыгы айтылды.
Ошондой эле Талант Мамытов Казакстандын жарандары үчүн мамлекеттик чек арадан өтүүдө коюлган чектөөнүн бардыгы алынганын маалымдады. Ушундай эле шартта Кыргыз жарандарынын Казакстандын чек арасынан тоскоолдуксуз өтүүсүн камсыздоо өтүнүчү менен Нурлан Нигматулинге кайрылды.
Мындан сырткары тараптар парламенттер аралык уюмдардын алкагындагы кызматташтык тууралуу да сөз кылып, анын ичинен ушул жылдын 27-28-сентябрь күндөрү Түркстан шаарында өтө турган ТүркПА кеңешинин отурумунун күн тартибин талкуулашты.
Жолугушуу соңунда төрага Талант Мамытов Нурлан Нигматулинди парламенттер аралык кеңештин II отурумун өткөрүү үчүн Кыргыз мамлекетине расмий иш сапар менен келип кетүүгө чакырды.

