super.kg logo

Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фонду жөнүндө макулдашууга кол коюлду. Эл аралык фонддун уставдык капиталы 16 миллион сом

 

Президент Садыр Жапаров Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фонду жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзамга кол койду. Президенттик аппараттын маалымат кызматынан кабарлашкандай, бул мыйзамдын максаты эки өлкөнүн өкмөтүнүн ортосунда Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фонду жөнүндө макулдашууну ратификациялоо боюнча мамлекет ичиндеги жол-жоболорду өткөрүү болуп саналат.

"Фонд Кыргыз Республикасынын экономикасынын алгылыктуу тармактарында өзүн-өзү актаган долбоорлорду займ берүү, капиталына катышуу жана өлкө аймагында катталып, өз ишмердүүлүгүн жүргүзгөн чарба субъектилерине карата башка финансылык инструменттерди колдонуу аркылуу каржылоосу күтүлөт.

Бул боюнча Кыргыз өлкөсү менен Венгриянын ортосунда экономикалык жаатта кызматташуу, экономиканы модернизациялоо жана өнүктүрүү, эки тараптуу кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрүн натыйжалуу пайдалануу пландалып жатат", - деп айтылат билдирүүдө.

Фонд эл аралык уюм, анын уставдык капиталы 16 миллион долларды түзөт жана Венгрия бул уставдык капиталды 50 миллион долларга чейин көбөйтүү ниетинде. Уставдык капиталдын үлүштөрү Венгрия тарабынан камсыздалат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: