super.kg logo

"Дүйшөмбү шаарында изолятордо жатат". Баткенде дары чөп терген Кыргыз жаранын Тажикстандын коопсуздук кызматкерлери кармап кетишти

 

Баткенде дары чөп терген жергиликтүү тургунду Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери кармап кетишти. Учурда Кыргыз жараны Тажикстандын Дүйшөмбү шаарындагы убактылуу кармоочу жайда экени Мамлекеттик чек ара кызматы тарабынан маалым болду.

Мекеменин билдирүүсүнө ылайык, 6-сентябрда саат 20:00 чамасында Баткен районунун Үч-Дөбө айылынын тургуну Кубанычбек Акматов коңшу өлкөнүн коопсуздук кызматкерлери тарабынан кармалган.

"Алдын ала маалыматтар боюнча, Кубанычбек Акматов Кыргыз жергесинин аймагында дары чөптөрдү чогултуп бүткөндөн кийин Үч-Дөбө айылы тарапка бара жаткан. Тажикстандын коопсуздук кызматкерлери Акматовду Тажикстандын жарандарына чөп сатуу ниети бар деп айыптап, транзиттик жолдон кармап кетишкен. Кармоо учурунда Кыргыз жаранынын жанынан 100 килограмм болгон болжол менен чайыр чөп же чаар куурай табылган.

Учурда Кыргыз жаранынын кармалышы боюнча тараптардын облустук ички иштер башкармалыктарынын башчыларынын деңгээлинде сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Жакын арада Кыргыз өлкөсү менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу болот, анда Акматовду өз мекенине кайтаруу маселеси турат. Тажик тараптын маалыматына ылайык, азыркы тапта Кыргыз жараны Дүйшөмбүдө убактылуу изолятордо жатат", - дешти маалымат кызматынан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(1)
08.09.2021. 01:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тажиктер тажаттыго 10 тажикти камап койгулачы, алар дагы суйлошкону келсин Тен Ата суйлошконго киши барбы бийликте. Ушундай боло берсе 10 15 жылдан кийин Баткенде ким калат. Эл тынч коркпой уркпой жашагысы келет.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: