"Өзгөрүүнүн шамалы". Сүрөтчү Алия Шагиева атасына арналган сүрөт кечесин өткөрөт
Сүрөтчү Алия Шагиева 17-сентябрда саясий репрессияларга каршы "Өзгөрүүнүн шамалы" аттуу сүрөт кечесин өткөрөт. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.
Анын айтымында, аталган иш-чара атасынын (ред.: мурдагы президент Алмазбек Атамбаев) 65 жылдыгына арналат.
"Баары бир ойдон улам башталды. Жашоодогу айрым кырдаалдар мени алыстан эле көрүнө турган, ар бир көрүүчүнүн пикирин жарата турган чоң сүрөт тартуу ниетин пайда кылды. Бул ой эргүүнү жаратып, бир сүрөттүн артынан башка сүрөттөр да жаралып жатты. Мындан улам иш-чара уюштурууну ойлоно баштадым. "Азыраак согуш, көбүрөөк искусство" деп ойлодум да кириштим", - деп жазган ал.
Сүрөт кечесинде Алия Шагиеванын сүрөттөрү көргөзмөгө коюлат. Иш-чара 17-сентябрь күнү "Ала-Тоо" аянтында өтөт, кирүү акысыз.




1 |