10 жылдан ашык эмгектенген мугалимдерге миллион сом берүү боюнча мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду
Жогорку Кеңеш 10 жылдан ашуун убакыт иштеген мугалимдерге миллион сом төлөп берүү тууралуу мыйзам долбоорун коомдук талкууга койду. Жогорку Кеңештин маалыматы боюнча, мыйзам долбоордун демилгечилери Абдывахап Нурбаев жана Жанар Акаев.
Маалыматка караганда, мыйзам долбоордо республикалык жана эл аралык олимпиадаларда жеңишке жетишкен окуучуларды даярдаган мугалимдерге 3 айдын маянасын, ал эми 10 жылдан ашуун убакыт эмгектенген агартуучуларга 1 миллион сом төлөп берүү каралган.
Министрлер кабинети сыйлык берүүнүн жол-жобосун аныктайт.
Кыргыз өлкөсүндө мугалимдердин орточо айлыгы 13 миң 843 сомду түзөт. Мындан улам көпчүлүк агартуучулар кесибин алмаштырууга мажбур. Эл өкүлдөрү бул мыйзам долбоорун кабыл алуу мектептердеги билим берүүнүн сапатын жогорулатууга, мугалимдердин турак жай маселесин чечүүгө жардам берет дешет.



Ар бир мектепте мугалимдердин 90 проценти он жылдан ашык иштеген.Мугалимдердин айлыгын жогорулатсын андан көрө.