super.kg logo

"Атабыздын туулган күнүн өткөрүүгө да укугубуз жокпу?". Сеид Атамбаев сотко чакыруулар башталганын айтты

 
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Сеид Атамбаев укук коргоо органдары тарапташтарын аңдууга ала баштаганын социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты. Айтымында, буга абактагы атасынын туулган күнүн белгилөө иш-чарасы себеп болууда.
"Коркконго кош көрүнөт болбогула! Айланайын эл-журт, эми биз өз атабыздын туулган күнүн өткөрүүгө да укугубуз жокпу?!
17-сентябрь күнү камакта жаткан атам Алмазбек Атамбаевдин туулган күнү, 65 жашын белгилейли деген жакшы үмүт менен турабыз. Ага болбой эле укук коргоо органдары биздин тарапташтарды аңдууга ала баштады.
Ички иштер министрлигинин мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматынын башкы башкармалыгына сотко чакыра баштады. Атам камакта жатса да биз жыл сайын туулган күнүн белгилеп эле жүрөбүз. Андан эмнеге саясат издеп жатышат түшүнбөй турам?! Мен өз атамдын туулган күнүн тарапташтары менен бирге белгилеп, аны үй камагына чыгарып дарылоо керектигин айтууга укугум да, акым да бар! Аны эч ким тыя албайт! Кой-Таш айылында 17-сентябрда Алмазбек Атамбаевдин 65 жашы белгиленет", - деген билдирүүсүн калтырган ал.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
08.09.2021. 09:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ресторанда эле откоро бер кочого чыкпай, оюнар жаманда ошого андып атышат
08.09.2021. 15:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атаңды урайын кысып эле отурбайсыңбы силердин кебетеңер суук. Элди тоногон жырткычтар канкорлор
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: