"Бизге президент да "эшек такалап жүргөн жокпуз" деп айткан эмес". Депутат КТРКнын Байкоочу кеңешинин төрагасын сындады
Бүгүн, 8-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Бейшеналы Нурдинов КТРКнын Байкоочу кеңешинин отчётун "канааттандырарлык эмес" деп табууну сунуштады.
Депутат эмне үчүн КТРКнын Байкоочу кеңешинин бардык мүчөлөрү жыйынга келбегенин сурады.
Байкоочу кеңештин төрагасы Кубат Болотканов баарына кабар берилгенин айтып, бирок келбегенин билдирди. "Алардын иштеген иштери бар. Алар Байкоочу кеңештен айлык албай иштешет", - деди ал.
"Октябрь айында президенттик шайлоодо бир жактуу саясат жүргүзүп жатты. Силердин ишиңер эң начар. Байкоочу кеңешке канааттандырарлык эмес деген баа берем. Сиз өзүңүзду алып жүрүүнү билбейсиз. Ушул жерге келип депутаттарга сын айтып жатасыз. "Эшек такалап жүрүптүрбүзбү?" деп президент, министр да айтпайт. Байкоочу кеңешти кайра түзүүнү сунуш кылам", - деди Нурдинов.




1 |