super.kg logo

Жалал-Абадда 3 жаран "Хизбут-Тахрир" диний экстремисттик уюмунан баш тартышты

 

Жалал-Абад облусунда 3 жаран "Хизбут-Тахрир" диний экстремисттик уюмунан баш тартышты. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

"Сузак районунун 3 тургуну "Хизбут-Тахрир" диний экстремисттик уюмунан баш тартышты. Алар буга чейинки кадамдары туура эмес экендиктерин айтышып, мындан ары мыйзамдуулукту сактоого сөз беришти.

Жалал-Абад ОИИБинин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн профилактикалык иштеринин натыйжасында, облус аймагында жыл башынан тартып 16 адам каттоодон чыгарылган. Ошондой эле 8 айда чет элдик жарандарга (студенттерге), жогорку жана орто билим берүү мекемелерине, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө, укук коргоо кызматкерлерине, бейөкмөт уюмдарга, коомчулукка ар кандай темада 571 жолу лекция, семинар, тегерек столдор өткөрүлүп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

Азыркы учурда облус аймагында 545 адам каттоодо турат. Алардын ичинен 485 адам "Хизбут-Тахрир" диний экстремисттик уюмунун мүчөлөрү катары каттоого алынган", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: