super.kg logo

Ысык-Көлдү сүзүп өткөн Владислав Шуликого Садыр Жапаров 500 миң сом тапшырды

 

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 8-сентябрда суучул, спорт чебери Владислав Шулико менен жолугуп, 500 миң сом тапшырды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Садыр Жапаров мамлекет өз тарабынан активдүү жаштарды колдоого алып, спорттук жетишкендиктерге дем берүүгө милдеттүү экенин белгилеп, өзүнүн фондунан Владислав Шуликого 500 миң сом бөлгөн.

"Кандай гана кыйынчылык болбосун өзүңө ишенүү жана максатыңа жетүү керектигин өз мисалыңда көрсөттүң. Буга чейин мындай эч ким кылган эмес. Бүт өлкө сенин сүзгөнүңдү байкап жана абдан кабатырланып жатты", - деген Жапаров.

Спортчунун 22-августта Караколдон башталган марафону 27-августта Балыкчыда ийгиликтүү жыйынтыкталган. Шулико бир катар эл аралык таймаштарга катышып, байгелүү орундарды ээлеп келген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: