super.kg logo

Жылнаама, 5-ноябрь: 46 жыл мурун Москвада "Останкино" телеборбору колдонууга берилген

 

5-ноябрь күнү Кыргызстанда жана дүйнөдө бир топ окуялар болуп өткөн.

*Мисалы, 1967-жылы Москвада «Останкино» телеборбору пайдаланууга берилген (46 жыл мурун). Кененирээк маалымат берсек, Октябрдын 50 жылдыгы атындагы Останкино телевизиондук техникалык борбору бул- Москванын борборундагы телевизиондук жана радиоберүүлөрдүн, ошондой эле техникалык борбор болуп эсептелет. Телеборбор 1963-1967-жылдары Останкино мунарасы менен бир убакта курулган.  Аталган борбордо убак-убагы менен өрт чыгып турган. Мисалы 2005-жылы 11-апрелде биринчи жана экинчи кабатта жайгашкан кабелдик коллектордон өрт чыгып, 2 телеканал жана бир нече радиостанция иштебей калган. Өрткө карабай Биринчи канал, “Россия” жана НТВ иштеп турган.   

*1938-жылы (75 жыл мурун) Сталиндик репрессиялардын туу чокусунда кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн башында турган коомдук-саясий ишмерлер Иманаалы Айдарбеков жана Төрөкул Айтматов өлүм жазасына тартылышкан

  *1961-жылы (52 жыл мурун) ЖКнын V чакырылышында “Ата Мекен” фракциясынан депутат Эркин Алымбеков төрөлгөн.

*2008-жылы (5 жыл мурун) Барак Обама АКШнын президенттигине карата шайлоого Демократтар партиясынын жалгыз талапкери катары баруу боюнча добуш берүүдө жеңишке жетишкен. Толугу менен бул жакта...


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: