Дастан Бекешев: "Октябрь окуясы боюнча эмнеге Ташиев, Жапаров суракка чакырылган эмес?"
Бүгүн, 8-сентябрда парламентте айрым депутаттардын телефонун тыңшоо боюнча маалымат угулуп жатат.
Депутат Дастан Бекешев 5-6-октябрдагы окуялар боюнча кайсы фактынын алкагында кылмыш иши козголгонун ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаевден сурады.
Министрдин орун басары 5-6-октябрдагы окуялар боюнча козголгон кылмыш иши боюнча экенин айтты.
"Камчыбек Ташиев суракка чакырылдыбы?" деп сурады Бекешев.
Аширходжаев билбей турганын айтты.
"5-октябрда ал аянтта жүргөн. Мен аны менен учурашкам. Аны суракка чакырып көргүлөчү. Эртең эле кызматтан бошотуласыңар. Садыр Жапаров суракка чакырылдыбы? 6-октябрда ал деле аянтта болгон да. Бийликти басып алуу боюнча кылмыш ишин козгоп жатсаңар Сооронбай Жээнбековду кайтарып келиши керекпи? Түшүнүксүз болуп жатат", - дейт Бекешев.



Адам баласы жылкы кыял экен. Бугун курсагы тоюп, коксогон бийлигине жетишкен сон элге соомойун кезеп коркутуп,сындагандарды четинен камап жатат. Жакшылыкка жамандык деп!
Бийликти ким сындаса эле камап жатат, алардын кечээки жакшылыктарын унутуп.......
Бакиев жакшы дейсинер, Бакиев убагында канчасы олуп кетти, Бакиевдин бир туугандары, уулу кызаргандын баарын тартып ала баштады эле. Атамбаевдин башкаруусунда бийлик сахнага, Сокенин башкаруусунда бийлик колхоздун конторасына айланды. Бугунчу? Бугун да Окмот дегени колхоздун конторасынан айырмасы жок. Бул экоонун тууган уругу да бийликте......