Депутат: "Инспектордун огунан каза тапкан жарандын өлүмү боюнча туура эмес маалымат тараткан ИИМдин басма сөз кызматы дагы жоопкерчиликке тартылышы керек"
"Инспектордун огунан каза тапкан жарандын өлүмү боюнча туура эмес маалымат тараткан ИИМдин басма сөз кызматы дагы жоопкерчиликке тартылышы керек", - деп бүгүн, 8-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Акыл Кемелов билдирди.
"Ал террорчу эмес да. Жол эрежесин бузган үчүн атып койду. Кийин кайра ИИМдин басма сөз кызматы жаран куралды талашып жаткан жерден атылып кетти деп маалымат берди. Видеодон ал киши куралын талашпаганы көрүндү. Басма сөз кызматында күнөө жокпу?", - деп сурады депутат.
Ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев бул боюнча кызматтык иликтөө жүрүп жатканын эскертип, басма сөз кызматына дагы баа бериле турганын белгиледи.
Депутат басма сөз кызматы дагы жоопкерчиликке тартылышы керектигин айтты. "Күнөөсү жок адамды күнөөлүү кылып койду. Видео болбогондо ошол каза болгон адамды күнөөлөп коймок", - деди депутат.
Маалымат үчүн:
Окуя 27-августта саат 21:30 чамасында Жибек Жолу кең көчөсү менен Гоголь көчөсүнүн кесилишинде орун алган. Анда милициянын кайгуул кызматынын инспектору менен айдоочунун ортосунда уруш чыгып, инспектор кокустан аны атып алган. Айдоочу алган жаракатынан улам көз жумган.
Аталган окуя 321-берененин бөлүктөрү ("кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу", "ошол эле жосун", "курал же атайын каражаттарды колдонуу менен", "кокусунан ден соолукка оор зыян келтирүү менен") боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү ресстрине катталып, шектүү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Бул окуяны тергөө ишин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жана прокуратуранын кызматкерлери жүргүзөт.
Интернетке инспектордун тапанчасын алып чыккан видеосу жарыяланды. Кийинчерээк маркумдун достору УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге жасаган кайрылуусун интернетке жарыялашты. Андан көп өтпөй маркумдун жубайы делинген айымдын видеокайрылуусу тарады.
Бишкек ШИИББи инспектордун алгачкы көрсөтмөсү видеого жазылып калган учур менен окшошпой турганын, кылмышты жаап-жашыруунун белгилери жок экенин жана башка нуктагы маалымат берүү ниети жок экенин баса белгиледи.
Кийинчерээк инспектор киши өлтүрүү фактысы боюнча кармалып, ага карата "баш калкалоо", "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" жана "адам өлтүрүү" фактылары боюнча кошумча сотко чейинки 3 өндүрүш иши катталганын, тергөөнүн жүрүшүн Камчыбек Ташиев жеке көзөмөлүнө алганын УКМКдан кабарлашкан. Мындан тышкары дагы 3 кайгуул кызматкери өзгөчө оор кылмышты жашырып, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп шектелип кармалган.


