Этникалык кыргыздардын көйгөйү. Кытайдан келген кыргыздар акыйкатчынын жардамы менен жарандыкка жана паспортко ээ болушту

Кыргыз жарандыгын жана паспортун алууда этникалык кыргыздар кыйынчылыктарга туш болуп, акыйкатчыга нааразычылыктарын билдиришкен. Алардын көйгөйлөрү Акыйкатчы институтунун кийлигишүүсүнөн кийин чечиле баштады.
Аталган институттун маалыматына караганда, бүгүнкү күндө кайрылгандардын ичинен Кытайдан келген кыргыздар жарандыкты да, паспортту да алышты.
"Биз Кытайдан Ош облусунун Кара-Суу районуна бир нече жыл мурда туруктуу жашоо үчүн келгенбиз. Паспорт бөлүмдөрүнө арыз тапшырып, бирок жыйынтык болбой келген. Жарандык алуу маселеси биз үчүн көйгөйлүү болуп турган учурда сиздердин көмөктөшүүңүздөрдүн негизинде бул маселе чечилип, биз май айында Кыргыз жарандыгын, ал эми июль айында паспорт алдык.
Сиздердин этникалык кыргыздарга жардам көрсөтүп жатканыңыздарга чоң рахмат", - деп ыраазычылыгын билдиришкен маселеси чечилген жарандар.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:51
2025-07-26

12:02
2025-07-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.