super.kg logo

Жогорку Кеңеш энергетика тармагына ата мекендик жана чет өлкөлүк инвесторлорду тартууга багытталган мыйзам долбоорун колдоду

 

Жогорку Кеңеш энергетика тармагына ата мекендик жана чет өлкөлүк инвесторлорду тартууга багытталган мыйзам долбоорун колдоду.

Мыйзам долбоорунун демилгечиси Экмат Байбакпаев белгилегендей, бул мыйзам долбоору керектөөнүн өсүшүнө жана электр энергиясынын жетишсиздигине, жаңы энергетикалык кубаттуулуктарды ишке киргизүү жана энергетика тармагына ата мекендик жана чет өлкөлүк инвесторлордун инвестициясын тартууга байланыштуу иштелип чыккан.

Ал эми Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин төрагасы Кожобек Рыспаев мыйзам долбоору колдоого татыктуу экенин белгилеп, келечек үчүн пайдасы көп экенин кошумчалады. Ушундай эле пикирди айткан депутат Канатбек Ахмедов аймактарга да чакан ГЭСтерди куруу зарылчылыгына токтолуп: “Маселен, Баткен облусуна курулса, ал жактын өнүгүшүнө чоң өбөлгө болмок”, – деди.

Андан тышкары депутат Аманкул Токтомамбетов: “Чакан ГЭСтерди куруунун ордуна ирилерин курсак жакшы болмок”, – деген пикирин билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: