Мамлекеттик жайыт жерлеринин чөлгө айланып кетүүсүнө жол бербөөгө багытталган мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду
Мамлекеттик жайыт жерлеринин чөлгө айланып кетүүсүнө жол бербөөгө багытталган мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланды.
"Мамлекеттик жайыт жерлерин натыйжалуу башкарууну, сарамжалдуу пайдаланууну камсыз кылуу жана айыл чарба багытындагы жерлердин, атап айтканда мамлекеттик жайыт жерлеринин чөлгө айланып кетүүсүнө жана деградациясына жол бербөө ушул мыйзам долбоорунун максаты болуп эсептелет.
Бул мыйзам долбоору экологиялык балансты, жайыттардагы табигый чөптөрдүн өсүшүн сактоого багытталган.
Кыргыз Республикасындагы жайыттарды башкарууда жана пайдаланууда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ролун жогорулатуу жана жоопкерчилигин күчөтүү бул мыйзам долбоорунун милдети болуп саналат", - деп жазылат долбоордо.
Демилгечиси депутат Бейшеналы Нурдинов.
"Мыйзам долбоорунун ченемине ылайык, жайыт жеке жана юридикалык жактарга аң уулоо, бал чарбачылык, дары чөптөрдү чогултуу, мөмө-жемиш терүү, чөп жана отун дайындоо, пайдалуу кендерди казып алуу, жеңил конструкциядагы байланыш курулмаларын орнотуу, туризм жана жарандардын эс алуусу, балык уулоо максатында жергиликтүү калктын кызыкчылыгын эске алуу менен 5 жылга чейинки мөөнөткө, кийин 20 жылга чейин узартуу менен убактылуу пайдаланууга берилиши мүмкүн.
Ошондой эле бул мыйзам долбоорунда түшүмдүүлүгү төмөн жайыттар жердин арналышын өзгөрткөндөн кийин Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондуна белгиленген тартипте кошуу менен Кыргыз жарандарына жана юридикалык жактарга айыл чарба өндүрүшүн өздөштүрүү жана жүргүзүү үчүн пайдаланууга берилиши мүмкүн. Жердин түшүмдүүлүгүн арттыруу түшүмдүүлүгү төмөн жайыттарды пайдаланууга берүүнүн милдетүү шарты болуп саналат", - деп жазылат долбоордо.


