super.kg logo

БШК парламенттик шайлоого эл аралык байкоочуларды чакыруу процессин баштады

 

Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттик шайлоого эл аралык байкоочуларды чакыруу процессин баштады. Бул тууралуу аталган комиссиянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин аткаруу комитетине, Шанхай кызматташтык уюмуна, ЕККУнун демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросуна, Ислам конференциясы уюмуна, Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтыгынын кеңешине, шайлоо органдарынын Бүткүл дүйнөлүк, Азия жана Европа ассоциацияларына, ошондой эле чет мамлекеттердин бир катар шайлоо комиссияларына чакыруу жөнөтүлдү.

Эл аралык байкоочунун ыйгарым укуктарынын мөөнөтү Борбордук шайлоо комиссиясы аны аккредитацияланган күндөн тартып башталат жана шайлоонун жыйынтыктары расмий жарыяланган күнү аяктайт. Мында Кыргыз Республикасынын жарандары эл аралык байкоочулар катары аккредитацияланышы мүмкүн эмес.

Эл аралык байкоочулар ары-бери эркин жүрүүгө жана каалаган шайлоо участокторунда, шайлоо комиссияларында болууга укуктуу.

Шайлоону жана референдумду даярдоого жана өткөрүүгө байкоо жүргүзүүнүн натыйжалары боюнча эл аралык байкоо миссиясы тиешелүү билдирүү, ошондой эле сунуштама жарыялайт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: