super.kg logo

Өлкөдө кургакчылык жана сугат суунун тартыштыгынан улам түшүм аз болгону айтылды

 

Жай айындагы кургакчылык жана сугат суунун жетишпеситиги өлкөдөгү дан азыктарындагы түшүмдүн азаюусуна алып келди. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, бул күнгө карата өлкө аймагындагы эгин талаалардан жыйнап алынган буудайдын жалпы көлөмү 274,8 миң тоннаны түздү. Бул өткөн жылдын ушул маалына салыштырмалуу 229,2 миң тоннага же 54,5 пайызга аз. Ал эми арпа 189,7 миң тонна чабылган. Бул дагы өткөн жылга салыштырмалуу 233,4 тоннага аздык кылат.

Мындан тышкары картошка 31,8 миң тоннага аз жыйналган.

Ушул сыяктуу эле былтыркы жылдан аз жыйналган түшүмдөр жашылча-жемиш жана мөмө-жемиштерге да таандык. Тактап айтканда, мөмө-жемиштин түшүмү 6,5 пайызга, жашылчаныкы 2,4 пайызга төмөндөгөн.

Эске салсак, ушул жылдын 25-июль күнү абанын температурасы 39,5 градуска жетип, кадимки чектен 7,7 градус ашып кеткени кабарланган. Ошондой эле жай мезгили боюнча бир канча ирет чектен ашкан ысык катталган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: