super.kg logo

"Истребителдер, тик учактар". Өлкөдөгү "Рубеж-2021" машыгуусу аяктады

 

Бүгүн, 9-сентябрда "Эдельвейс" полигонунда өтүп жаткан “Рубеж-2021” машыгуусунун акыркы этабы болуп өттү. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, машыгуунун катышуучулары биргелешкен антитеррордук операция өткөрүштү. Анда ЖККУга мүчө мамлекеттин аймагына басып кирген мыйзамсыз куралдуу түзүмдөрүн жок кылуу боюнча күжүрмөн аракеттерди даярдоо жана өткөрүү боюнча маселелерди иштеп чыгышты.

Машыгууга миңден ашык аскер кызматчылары, 150 аскердик жана атайын техникалар, анын ичинде реактивдүү атуучу системалар, ошондой эле Су-30СМ истребители, штрумалоочу Су-25, Ми-8 тик учагы жана “Орлан-10” учкучсуз учуучу аппараттары тартылган.

"Жыйынтыктоочу этабында бөлүктөрдүн иш-аракеттерине ЖККУнун Бириккен штабынын башчысы генерал-полковник Анатолий Сидоров, Орусиянын Борбордук аскердик округунун аскерлеринин кол башчысы генерал-полковник Александр Лапин жана Түркия, Орусия, АКШ, Казакстан, Индия, Улуу Британия, Германия, Франция жана Япониянын аскердик атташелери көз салышты", - деп жазылат билдирүүдө.

Иш-чара машыгуунун жүрүшүндө артыкчылык көрсөткөн аскер кызматчыларын сыйлоо жана салтанаттуу жүрүш менен аяктады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: