super.kg logo

Ош шаарында комуз күнү белгиленип, 100 комузчу "Маш ботой" күүсүн чертти

 

Бүгүн, 9-сентябрда Ош шаарынын борбордук аянтында комуз күнүнө арналган майрамдык иш-чара болуп өттү. Ага Ош шаарынын вице-мэри Жасур Азимов жана шаар тургундары катышты. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Майрамдык иш-чаранын алкагында Ош шаардык маданият башкармалыгы тарабынан даярдалган концерттик программа тартууланып, “Акак-Ош” ансамблинин, “Этно-Ош” фольклордук тобунун, “Келечек” балдар чыгармачыл борборунун, Н.Борошев атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайынын, С.Бекмуратов атындагы балдар музыкалык мектебинин, П.И.Чайковский атындагы искусство мектебинин комузчуларынын аткаруусунда Атай Огонбаевдин “Маш ботой” күүсү жаңырды. Жалпысынан 100 комузчу күү чертти.

Вице-мэр Жасур Азимов өлкө жарандарын куттуктап, бир катар комузчуларга Ош шаарынын мэриясынын атынан комуз белек кылган.

Ага улай эле Ош шаардык маданият башкармалыгынын башчысы Элдияр Кадыркулов ишкананын атынан маданиятка кошкон салымдары үчүн бир катар чыгармачыл инсандарга Ардак громата тапшырды.

Комуз күнү өлкөдө 2019-жылдан бери 9-сентябрда белгиленип келет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: