super.kg logo

Түркиядан келген 150 миң доза Sinovac вакцинасы министрликке тапшырылды

 

Кыргыз өлкөсүнө Түркия мамлекетинен коронавируска каршы 150 миң доза Sinovac вакцинасы алынып келди. Медициналык каражатты кабыл алуу бүгүн, 9-сентябрда орун алып, ага саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жана Түркиянын Кыргыз жергесиндеги элчиси Ахмет Садык Доган катышты.

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, бул вакцинаны 18 жаштан жогорку курактагылар алса болот.

Sinovac вакцинасы Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму тарабынан COVID-19дун алдын алууда чукул колдонуу үчүн тизмеге киргизилген. Уюмдун иммунизациялоо боюнча эксперттердин стратегиялык консультативдик тобу (SAGE) тарабынан каралып чыккан. Вакцинанын эффективдүүлүгүн изилдөө учурунда натыйжалуулугу жана эл аралык коопсуздук стандарттарына жооп берери тастыкталган. Вакцина Пекиндеги "Sinovac" фармацевтикалык компаниясы тарабынан чыгарылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: