super.kg logo

Оштогу №5 тергөө изоляторундагы камерада 4 кишилик керебетте 7 адам жатат

 
Оштогу тергөө изоляторунда 4 кишилик камерада 7 адам камалса, дагы бир мекеменин камерасында 6 кишилик орунда 8 адам жатканы катталды. Бул туурасында Кыйноолордун алдын алуу улуттук борборунан кабарлашты.
Маалым болгондой, улуттук борбордун Ош шаарындагы жана Ош облусундагы аймактык өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери 6-сентябрда Юстиция министрлигине караштуу ЖАМКнын №25 мекемесине (№5 тергөө изоляторунда) атайын алдын алуучу иш сапар менен барышты. Анда Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы ички иштер башкармалыктардын убактылуу кармоочу изоляторунан которулуп келген айыпталуучулар менен баарлашуу жүргүзүштү.
"Биринчи режимдик имараттын №26 камерасында айыпталуучуларды жайгаштыруунун чеги сакталбай, 7 кишиге төрт керебет бөлүштүрүлгөн. Мындан тышкары камеранын аянты "Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө" мыйзамдын 22-беренесинде көрсөтүлгөн аянт ченемине туура келбейт.
Экинчи режимдик мекеменин №31 камерасында да адамдар көп: 6 керебетте 8 адам жатат, бул мыйзамга каршы келет”, - дейт Кыйноолордун алдын алуу улуттук борбордун Ош шаары жана Ош облусу боюнча аймактык башкармалыгынын башчысы Худаяржан Нарматов.
Улуттук борбордун аймактык өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери мыйзам бузуу фактылары боюнча акт түзүштү. Алар жаза аткаруу тутумунун органдарында жана мекемелеринде мыйзамдуулуктун сакталышын көзөмөлдөө боюнча прокуратурага кайрылуу жөнөтүп, анда Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын №25 мекемесиндеги мыйзам бузууларды четтетүү боюнча прокурордук иликтөө жүргүзүү өтүнүчү жазылган.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(1)
10.09.2021. 15:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Россияда ушинтип эле жашап журобуз өлбөй зато алар иштебейт кварплат бербей бекер жатышат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: