Ысык-Көлгө жуунган пакистандыктарга облустук милиция эскертүү берди




Бүгүн SUPER.KG порталына эки пакистандык жаран Ысык-Көлдө самынданып жуунуп жаткандыгы тууралуу маалымат жарыяланган. Бүгүн, 9-сентябрда Ысык-Көл облусунда милиция кызматкерлери пакистандык жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бир күн мурун социалдык тармактарда Ысык-Көлдүн жээгинде жуунуп жаткан эки пакистандык жарандын видеосу жарыяланган. Бул видео коомчулукта бир топ талкуу жараткан.
Буга байланыштуу Ысык-Көл РИИБинин милиция кызматкерлери аларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, анда көлдө самын менен жуунбаш керектиги эскертилди. Мындан тышкары санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин сакталышын, сууда сүзүүдө коопсуздук чараларын эскертишти.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:51
2025-07-26

12:02
2025-07-26

Рейтинг:
-1

Комментарийлер(3)
alym21

09.09.2021. 18:17
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кытайдын кыргынындай болуп толуп кетиштиго.Колубуздун касиеттуулугун билмек беле булар.
Apyn8793

09.09.2021. 19:37
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Штраф салып туруп депорт кылыш керек болчу 4-5оону, ошондо буларга сабак болмок. Россиядан бизди деле ошентип атышпайбы.
Paprikafm

09.09.2021. 22:49
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Омеей булар жаман копго, не кылып журот булар, кетишсин
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.