super.kg logo

Ооганстанда аялдардын спорт менен алектенүүсүнө тыюу салынды

 

"Талибан" кыймылы ооган айымдарынын спорт менен алектенүүсүнө тыюу салат. Бул тууралуу аталган кыймылдын маданият тармагынын жетекчисинин орун басары Ахмадулла Васик телеканалдардын бирине берген маегинде билдиргенин чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Ахмадулла Васиктин айтымында, спорт айымдар үчүн анчалык деле маанилүү эмес.

"Азыр массалык маалымат каражаттарынын доору. Аларда жарыяланган видео, сүрөттөрдү бардык адамдар көрүп турушат. Ислам өлкөсү аялдарга денеси ачык кийим менен крикет ойноого жана деги эле спорт менен алектенүүгө тыюу салат. Анткени аялдардын спорт менен алектенүүсүнө эч кандай зарылчылык деле жок", - деп билдирген Ахмадулла Васик.

Ооганстандын крикет боюнча кыз-келиндер командасы ушул жылдын аягында Австралиядагы мелдешке катышмак. Бирок "Талибан" кыймылы оогандык спортчу кыз-келиндер эч кандай мелдештерге барбай турганын билдирген.

"Ислам өлкөсүндө крикетке да, башка спорт түрлөрүнө да аялдардын аралашуусуна жол берилбейт", - деп белгилешкен алар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(4)
10.09.2021. 13:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кызык мумкун тура чечимдир
10.09.2021. 13:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Өтө эле кысым жашоо башталдыбы э байкуш Ооган элдерине. Жараткан өзү сактасын
10.09.2021. 14:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Байкуш аялдарга өтө катуу чектөө киргизип жатышкан жокпу. Балага канчалык запрет кыла берсен ошончолук күч алат го, кой десең койбой. Ошондой болуп кетпейби дейм да.
10.09.2021. 21:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Талибдер ото эле динчил болуп кетиптир.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: