super.kg logo

1500 тонна буудай, жеке коргонуу каражаттары. Кытай Кыргыз өлкөсүнө гуманитардык жардам көрсөтөт

 

Кытай мамлекети коронавирус менен күрөшүүдө Кыргыз өлкөсүнө жеке коргонуу каражаттарын жана 1 жарым миң тонна буудай берет. Мындай маалымат Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы тарабынан белгилүү болду.

Билдирүүгө ылайык, тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Кытайдын Кыргыз өлкөсүндөгү элчиси Ду Дэвэнди кабыл алды. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-кытай кызматташтыгынын актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашып, буга чейин жетишилген келишимдердин аткарылышын талкуулашты.

"Элчи Ду Дэвэнь Кытай өкмөтүнүн Кыргыз Республикасына 1500 тонна буудай, ошондой эле COVID-19 менен күрөшүү үчүн жеке коргонуу каражаттары түрүндөгү гуманитардык жардам көрсөтүү чечими тууралуу маалымат берди.

Руслан Казакбаев COVID-19 менен күрөшүүдө дайыма көрсөткөн колдоосуна жана кезектеги гуманитардык жардам берүү чечими үчүн Кытай тарапка ыраазычылыгын билдирди", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: