super.kg logo

Туулган күнүндө чыгып кеткен. Бишкекте Камасбек Нарынбаев 1 айдан ашуун убакыттан бери дайынсыз болууда

 

Бишкекте Камасбек Нарынбаев 5-августта үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес. Анын жакындары 17 күндөн кийин, тагыраагы 22-августта Ленин РИИБине арыз менен кайрылышкан.

Белгилүү болгондой, дайыны жок болуп жаткан жарандын кызы укук коргоочуларга келип, атасы 5-августта эртең мененки саат 10:00дө Бишкектеги үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайрылып келбегенин кабарлаган.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки териштирүү башталган.

Камасбек Нарынбаев 1973-жылы 5-августта төрөлгөн. Белгилери: бою 170-175 сантиметр, көзү күрөң, мурду кырдач, арык чырай.

Кийип жүргөн кийимдери: кара түстөгү спорттук шым, спорттук кофта, күрөң түстөгү бут кийим.

Өзгөчө белгиси: сол буту аксайт.

Сүрөттөгү жаранды көрүп, билгендер болсо кабар берип коюуну милиция кызматкерлери өтүнөт.

Байланыш номерлери: 0 (312) 352-605, 0 (312) 444- 457, 0 (312) 352-632, 0 (553) 102-465, 0 (703) 401-600, 0(551) 102-326, 0(553) 102-880 же 102.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: