Улуттук банк Комуз коллекциялык күмүш тыйындарын чыгарды



Улуттук банк "Улуттук музыкалык аспаптар" сериясындагы Комуз коллекциялык күмүш тыйындарын чыгарды. Аталган банктын маалымат кызматынан белгилешкендей, тыйындар кыргыз элинин баа жеткис көркөм маданиятын даңазалоо максатында чыгарылды дешет.
Комуздун сүрөттөлүшү күмүш тыйындын алдыңкы бетинин негизги сюжетин түзөт. Анын чок ортосунда номинал (10 сом) көрсөтүлгөн. Сол жак бөлүгүндө аталышы комуз жана металлдын сапат белгиси (Ag 925°), оң жагында латын тамгасында берилген аталышы «Komuz» жана салмагы (28,28 грамм) чагылдырылган. Тыйындын арткы бетинин жогорку бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын герби, борбордук бөлүгүндө комузда кол ойнотуп жаткан комузчунун элеси, музыкалык аспаптын алкагында түшүрүлгөн. Ал эми төмөнкү бөлүгүндө чыгарылган жылы (2018-жыл), сол жагында "Улуттук музыкалык аспаптар" деген жазуу тигинен жайгаштырылган.





1 |