super.kg logo

"Коопсуз шаар" долбоору боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын жыйыны өттү

 

9-сентябрда “Коопсуз шаар” долбоорунун биринчи этабына тендер өткөрүүнүн мыйзамдуулугун иликтөө боюнча түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссиянын кезектеги отуруму өттү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.

Талкуу маалында депутаттар “Коопсуз шаар” долбоору боюнча түзүлгөн келишимдер жашыруун макамга ээ экенин белгилешип, мунун себебине кызыгышты.

Тиешелүү тараптын өкүлү келишим эки жактын макулдугу менен ачыкка чыгарыларын жүйө келтирди. Бирок комиссия төрагасы, депутат Марлен Маматалиев келишимдин мазмунун элге ачык көрсөтүү зарылчылыгын кошумчалады.

Ушундай эле пикирди айткан депутат Мамасадык Бакиров долбоордун мөөнөтү, ага кеткен каражаттар жана башка милдеттемелерди камтыган келишим ачык көрсөтүлүшү керектигин айтты.

Муну менен катар депутат Мамасадык Бакиров жакында эле айрым айып пулдарды 70 пайызга кыскартуу тууралуу чечим кабыл алынганына токтолду. “Анткени менен жол эрежесиндеги айрым мыйзам бузууларга карата чегерилүүчү айып пулдар азайтылган эмес. Ошондуктан элге кайсы багыттагы айып пулдар азайтылгандыгы, кайсы багыттар боюнча мурдагыдай калтырылгандыгы боюнча так маалымат берүү керек”, – деди.

Андан тышкары депутаттар талкуу маалында аталган комиссиянын иштөө мөөнөтүн 1 айга узартуу чечимине келишти. Ошондой эле комиссия мүчөлөрү маалыматтар толук алынышы үчүн кийинки отурумдарга “Вега” радиокуруу концерни” акционердик коомунун тиешелүү жетекчилеринин катышуусун камсыздоону талап кылышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: