super.kg logo

Жогорку Кеңештин төрагасы парламент спикерлеринин Бүткүл дүйнөлүк конференциясында сөз сүйлөдү

 

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Вена шаарында (Австрия) өтүп жаткан парламент спикерлеринин Бүткүл дүйнөлүк V конференциясында сөз сүйлөдү. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Төрага алгач парламенттер аралык бирликтин төрагасы Дуарте Пачекого жана Австриянын улуттук кеңешинин төрагасы Вольфганг Соботкага парламентарийлер үчүн маанилүү болгон иш-чараны уюштуруп, чакыргандыгы жана глобалдык маселелер боюнча кызматташтыкты калыптандырып, баарлашууга шарт түзгөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Муну менен катар тынчтыкка жана демократияны чыңдоого багытталган жалпы баалуулуктарды, идеяларды бириктирген парламенттер аралык бирликтин бедели жогору экенин белгиледи.

Төрага бардык парламентарийлер глобалдык маселелер боюнча өз позициясын ачык жана айкын билдирүү үчүн ушул аянтчаны эркин колдоно алышарын кошумчалады.

Андан сырткары ушул жылдын 31-августунда Кыргыз мамлекети эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгын белгилегенин айткан төрага, бул мезгил аралыгында демократиялык принциптерге таянган бир катар эл аралык келишимдерге кошулганын маалымдады. Буга мисал катары, Кыргыз өлкөсү жалпысынан БУУнун алкагында адам укугун коргоо чөйрөсүнө тиешелүү 40 эл аралык документ боюнча милдеттеме алганына токтолду. Муну менен катар тиешелүү орток максаттар Кыргыз Республикасынын 2040-жылга чейинки Улуттук өнүгүү стратегиясында чагылдырылганын жүйө келтирди.

Дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрү сыяктуу Кыргыз өлкөсүнүн калкы жана экономикасы COVID-19 пандемиясынан жабыркаганын айткан Талант Мамытов, бирок дүйнөлүк коомчулуктун колдоосунун аркасында көйгөйлөр чечилип жатканын белгиледи.

Мындан тышкары төрага климаттын глобалдык өзгөрүү маселелерине токтолуп, аталгаан апаатты биргелешип чечүү мүмкүнчүлүгү тууралуу сөз кылды.

"Глобалдык баяндамага ылайык, учурда 36 өлкө суунун жетишсиздигине дуушар болууда. Аба ырайынын ысышы, деңиз деңгээлинин көтөрүлүшүн шарттап, селдин көбөйүшү, кургакчылык жана мөңгүлөрдүн эриши сыяктуу табигый кырсыктар таза суу ичүү мүмкүнчүлүгүнө жана санитардык абалга таасирин тийгизүүдө. Калктын саныны өсүшү, сууну керектөөнүн артышы, өндүрүштүн өнүгүшү бүткүл дүйнөдө суу жетишсиздигине алып келүүдө”, – деди Талант Мамытов.

Сөзүнүн аягында Талант Мамытов конференцияга катышып жаткан бардык кесиптештерин Парламенттер аралык бирлик алкагында кызматташтыкты кеңейтүүгө жана элдин бакубаттуулугу үчүн берилген мүмкүнчүлүктөрдү максималдуу пайдаланууга чакырды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
10.09.2021. 10:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мурунку жыйында макалё тантырады беле кагазга жазып алганын окуй албай?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: