super.kg logo

Марипов мамлекеттик сатып алуулар тутумун реформалоо боюнча кеңешме өткөрдү

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов мамлекеттик сатып алуулар тутумун реформалоо боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Экономика жана финансы министрлигинин өкүлдөрү мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүнүн жаңы форматынын бет ачарын тартуулады. Ага ылайык, сатып алуучу уюм тарабынан мамлекеттик сатып алуу процесси электрондук соода аянтчаларынын жардамы аркылуу ишке ашырылат.

Мындай жаңы формат бардык кызыкдар юридикалык жактарга электрондук соода аянтчаларын түзүүгө мүмкүндүк берет.

Электрондук соода аянтчасынын оператору мамлекеттик сатып алуулар боюнча тийиштүү мамлекеттик органдын макулдугу боюнча электрондук башкаруу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан аккредитациядан өтөт.

Мамлекеттик сатып алуулардын веб-порталы мамлекеттик сатып алуулар жана электрондук соода аянтчалары боюнча бирдиктүү маалыматтык-аналитикалык базаны түзөт.

Сунушталган ченемдер электрондук форматтагы сатып алуу процессин ачык-айкын, жеткиликтүү жана отчёттуу түрдө уюштурууга жана өткөрүүгө мүмкүндүк берет.

Министрлер кабинетинин башчысы билдиргендей, мамлекеттик сатып алуу процессинин жүргүзүлүшү көбүнесе катышуучуларынын сын-пикирлерин жаратып келет.

Улукбек Марипов алдыңкы санариптик технологияларды киргизүү менен процессти автоматташтыруунун жана ошол эле учурда бизнес үчүн шарттарды түзүү үчүн мамлекеттик сатып алууларды жөнөкөйлөштүрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: