super.kg logo

Бишкекте көрктөндүрүү эрежелерин бузгандар аныкталды

 

Бишкек шаарындагы Дордой көчөсүнүн төрт тургунуна Бузуулар жөнүндө кодексинин 1-бөлүгүнө ылайык, 7 миң 500 сом айып салынды. Алар казуу иштерин ордерсиз (уруксат кагаздары жок) жүргүзүшкөн. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

"Курулуш компаниясы дароо эки беренени бузган. Компаниянын транспорттук жабдуулары муниципалдык жерге өндүрүш калдыктарын ыргытышкан, тазалыкты жана чектеш аймакта тартипти сакташкан эмес, бул үчүн аларга Кыргыз Республикасынын "Бузуулар жөнүндө" кодексинин 70-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, 13 миң сомдук протокол түзүлдү. Компаниянын жооптуу кызматкерлери күнөөлөрүн моюнуна албагандыгына байланыштуу иш административдик комиссияда каралат", - деп жазылат билдирүүдө.

Бишкек мэриясы шаар тургундарынан көрктөндүрүү эрежелерин бузбай, таштандыларды ар кайсы жерге ыргытпоону суранат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: