super.kg logo

Египеттеги мейманканалар коронавирус менен ооруган туристтерди бекер дарыламай болду

 

Египет бийлиги жергиликтүү мейманканалар менен келишим түзүп, мындан ары COVID-19 илдетине чалдыккан туристтерди бекер дарыламай болду. Бул тууралуу аталган өлкөнүн туризм министринин маалыматына таянып, чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

"Эгерде туристтин абалы жеңил болсо, анда ал мейманканада калат. Биз мейманканалар менен келишим түздүк, алар Египетке келген туристтердин чыгымын төлөшөт. Ал эми келген туристтин абалы оор болуп, ооруканага жаткырылышы шарт болсо, анда Шарм-аш-Шейх, Хурга же Каирдеги мамлекеттик ооруканалар бекер дарылашат", - деп билдирген ал.

Министр белгилегендей, эгерде коронавирустун кандайдыр бир симптому байкалса, мейманканалар Саламаттыкты сактоо министрлигине жана Туризм министрлигине билдириши керек.

"Биздин талаптарга баш ийбеген мейманканаларга катуу жаза колдонулат", - деп кошумчалаган министр.

Анын айтымында, Египет 40тан ашуун өлкөдөн туристтерди кабыл алууда, бирок алардан бир дагы арыз түшкөн эмес.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: