Азербайжанда журналисттер үй менен камсыздалат. Бул нерсе алардын эркиндигине чек койбойт
Кыргыз өлкөсүнүн, Өзбекстан, Казакстандын медиа өкүлдөрү иш сапары менен Азербайжан өлкөсүндө. SUPER.KG порталынын кабарчысы Айзада Кыдырмышева да жүрөт.
"Биздин сапар Тоолуу Карабахта болот. Азербайжандын Баку шаарында өлкө президенти Ильхам Алиевдин буйругу менен 2013-жылдан баштап атайын журналисттер үчүн көп кабаттуу үйлөр курула баштаган.
Азербайжандын эмгек сиңирген журналисти Азер Хазреттин айтымында, мындай демилге журналисттер үй алууга мүмкүн боло турган маяна албагандыктан көтөрүлгөн.
Үйлөр журналистика тармагында 10 жыл эмгектенген, үйү жок жана өз тармагында айырмалана алгандарга берилет. Аталган үйлөр оппозициячыл журналисттер болобу, мамлекеттик массалык маалымат каражаттарында болобу бардык журналисттерге берилет, цензура деп бөлүнбөйт", - деп билдирет жеринде жүргөн кабарчы.


