"Эмне деген жапайычылык?". Адахан Мадумаров Орозайым Нарматованын кармалышы боюнча үн катты
"Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынын лидери Адахан Мадумаров партия мүчөсү, активист Орозайым Нарматованын бошотулушун токтоосуз талап кылат. Бул тууралуу Мадумаров SUPER.KG порталына билдирди.
"Бул кызылдай саясий куугунтук. Эгерде кандайдыр бир суроолору болгон болсо, Орозайым Нарматова бир айдан бери атасынын үйүндө болду, бир тууган агасынын сөөгүн Москвадан алып келди. Ошол бир айдын ичинде эмнеге барып сурап коюшкан жок? Эмне үчүн жесир калган жеңесинин суранычы боюнча төрт жетим калган балдарды жетелеп, Ош аба майданынан учуп бара жаткан жеринен кармашат? Мындай жапайычылыкты ким, качан, кайдан үйрөттү? Мындай жапайычылык болушу керек эмес", - деди Адахан Мадумаров.
Мындан тышкары Адахан Мадумаров бийликтен Орозайым Нарматованын токтоосуз бошотулушун талап кыларын айтты.
Бүгүн, 10-сентябрь күнү таңга жуук "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын мүчөсү, активист Орозайым Нарматова Ош аэропортунан укук коргоо органдары тарабынан кармалгандыгы маалымдалган.



Менин дагы карындашыма бирөө тийишип койсо карап турбайм, бирок ошол эле учурда бирөөнү чегинен ашып ахаарат кылса карындашымдын оозун жабам