Министрлик: "Жаңы окуу жылында окуучулар мектепке ак жана кара түстөгү классикалык форма киет"
Жаңы окуу жылында окуучулар мектепке ак жана кара түстөгү классикалык форма киет. Бул тууралуу билим берүү министрлигинин мектеп, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Гүлшан Абдылдаева SUPER.KG порталына билдирди.
"Быйылкы окуу жылында пандемияга байланыштуу окуучулар мектеп формасын кийүүгө милдеттүү эмес, бирок бул таптакыр эле эркиндик берилет дегендик эмес. Мектеп окуучулары ак-кара түстөгү кийим кийиши зарыл. Кызыл-тазыл түстөгү кийимдерди кийүүгө болбойт. Андан сырткары хиджаб кийүүгө да болбойт. Анткени бул мектеп формасы эмес. Ал эми такыр болбогондорго башына ак түстөгү жоолук салынууга уруксат берилет. Окуучунун башы дем алып турушу керек жана башка деген да маселелер бар. Бүгүнкү күндө булардын үстүнөн иштеп жатабыз", - деп билдирди Гүлшан Абдылдаева.



Нурзат Токтосунова оронсо оронбосо деле эрден эр алмаштырып журот мисалы. Ошондой эле кеп. Женил ойлуу аягы суюктар хиджап кийип да ойной берет.......
Как будто эл май кол, сут кол жашоодо жашап жатса дагы..... Айрымдар уялганынан эптеп бутун кийим таап беруу учун карыз сурап журот. Эн арзаны болсо дагы. Бензиндин баасын кара, сабиздин баасын кара да, элдин маянасын кара. Министрликте мээси иштебеген манкурттар иштейт да........