Митингге чыккан "Дордой" базарынын соодагерлери менен экономика жана финансы министринин орун басары жолукту




10-сентябрда "Дордой" базарынын соодагерлери Бишкек шаарындагы өкмөт үйүнүн алдында митингге чыгышты. Алар бажыдагы төлөмдөрдүн өлчөмүн кыскартып берүүсүн суранышууда.
Митингге чыккан соодагерлердин бири аларга бажы төлөмдөрү 100 пайызга көтөрүлдү деген маалымат келгенинен улам митингге чыгып жатышканын айтты.
"Биз үч күн мурун "Дордой" базарында соодагерлер менен биргеликте өкмөттөн текстилдик бажы төлөмдөрүнүн өлчөмүн кыскартып берүүсүн суранып чыкканбыз. Бирок эч кандай жооп ала албай бул жакка келдик. Өлкөбүздө тигүү тармагына керектелүүчү кездемелер чыкпаганына байланыштуу биз чет өлкөлөрдөн алып келебиз. Мисалы мурда бажы төлөмдөрүнүн өлчөмү 1 килограммына 30 цент болсо, азыр 60 центке көтөрүлүп кеткен. Мындай боло турган болсо биз башка өлкөлөр менен өнөктөштүк түзө албай калабыз", - дейт жеке ишкер Нурбек Дыйканбаев.
Ага улай эле соодагер Алтын Калыбаев бул жеке эле соодагерлер менен жүк ташуучулардын көйгөйү эместигин, акыркы керектөөчү катары карапайым калктын да көйгөйү болорун кошумчалады.
Ал эми экономика жана финансы министринин орун басары Бекболот Алиев көтөрүлүп жаткан маселе боюнча буга чейин сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөнүн айтты. Ошондой эле маселени чечүү үчүн бажы жана салык инспекциясынын жетекчилерин чакырып, соодагерлер менен биргеликте жыйын уюштуруп берерин билдирди.




1 |