Чүй облусундагы Ново-Павловка айылында жаңы аймактык милиция бөлүмү ачылды
10-сентябрда Чүй облусундагы Ново-Павловка айылында аймактык милиция бөлүмү ачылды.
Иш-чарада ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов жаңы имарат менен таанышып, жергиликтүү тургундар менен тыгыз иштөө зарылдыгын белгиледи.
Ички иштер министрлигинин башчысынын орун басары коомдук тартипти камсыздоо, ошондой эле кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча башкармалыктын кызматкерлерине бир катар тапшырмаларды берди.
Айылдык милиция бөлүмчөсү жергиликтүү айыл өкмөтүнө бөлүнгөн каражаттын эсебинен курулган.
Бул бөлүмдө аймактык тескөөчүлөр жана ыкчам кызматтын 30дан ашуун кызматкери иштейт жана 120 миңден ашуун адамды тейлейт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:51
2025-07-26

12:02
2025-07-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Asmat84

11.09.2021. 13:42
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мындай милисаканалар ачылып атат дегенин угасың көрөсүң анан эле качан көрбө жабык турат го алдына чөп өсүп кеткен.вагондорунун капталдарына чымчыктар уялап турганын көрөсүң
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.