super.kg logo

Калаа башчысы Түркияда өтүп жаткан бүткүл дүйнөлүк маданий саммитке катышууда

 

9-сентябрдан 11-сентябрга чейин Түркиянын Измир шаарында "Бириккен шаарлар жана жергиликтүү бийликтер" уюмунун бүткүл дүйнөлүк маданий саммити өтүүдө. Саммитке борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиев дагы катышууда. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Айбек Жунушалиев саммиттин алкагында Түркиянын Измир шаарынын мэри Тунч Сойер менен жолукту. Тараптар шаар аралык кызматташтыкты тереңдетүү зарылдыгын жана маданий-гуманитардык өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулашты. Калаа башчысы Измирге чакыруу үчүн ыраазычылыгын билдирип, Измир менен биргелешкен долбоорлорду иштеп чыгууга жана тажрыйба алмашууга кубанычта экендигин билдирди.

Бүткүл дүйнөлүк "Бириккен шаарлар жана жергиликтүү бийликтер" уюму иш-чаранын катышуучуларын жайгаштыруу боюнча бардык чыгымдарды өзүнө алган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: