Эртең өтө турган "Талибан" кыймылынын инаугурациясы жокко чыгарылды
Ооганстандын "Талибан" кыймылынан түзүлгөн жаңы өкмөттүн инаугурация аземи жокко чыгарылды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн маданият комиссиясынын берген маалыматына таянып, чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, инаугурация эртең, 11-сентябрда өтүшү керек болчу. Азырынча жокко чыгаруунун себептери айтылган жок.
11-сентябрь АКШнын тарыхында аза күтүү күнү. Мындан 20 жыл мурун, тагыраагы 2001-жылы "Аль-Каида" террорчулары АКШга 4 жолу чабуул жасаган. Ошол күнү АКШда болгон террордук чабуулдар учурунда 2 миң 977 киши каза болгон.
Белгилей кетсек, "Талибан" кыймылы Кыргыз өлкөсүнүн аймагында террордук жана экстремисттик уюм катары таанылып, ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:05
2025-07-13
Рейтинг:
2

Комментарийлер(4)
alimbek94

10.09.2021. 19:27
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Диний уюмдарды катуу козомолдогуло. Буларга эч ишенип кереги жок
bond02

10.09.2021. 19:31
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Значит "Таллибан" кыймылы АКШнын бир бутагы.
Noon

11.09.2021. 10:23
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Саксыйган шумшуктор. Кебетесин коруп эле коркосун булардан. Жакшылык колунан келбейт булардын. Жинди жамынып алган зоокурлор. Анан сабатсыз Молдо болумуштар буларды колдоп каласынар. Ислам дининде бироону олтуруу эмес жаман соз айтып конулун оорутууга да тыюу салынган. А бул зоокурлор жаш кыздарды зордоп, аялдарды кордоп, эсепсиз кишилерди олтуруп жатышат жинди жамынып алышып. Аллахым чындап жазанарды берсин зоокурлор.
XATSAN125

11.09.2021. 14:38
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Булардын сурот огороддун четине илем чооң кылып чыгарып мал сал үркүп жакындабайт эгин тегинге
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.