"Фейсбук" компаниясы Тышкы иштер министрлигинин, элчиликтин кызматкерлери менен вебинар өткөрдү




"Фейсбук" компаниясынын өкүлдөрү менен Тышкы иштер министрлиги жана чет мамлекеттердеги Кыргыз өлкөсүнүн элчиликтеринин катышуусунда санариптик дипломатия боюнча вебинар өттү.
Тышкы иштер министрлигинен кабарлашкандай, Фейсбуктун коомдук саясат башчысы Жорж Чен бул вебинарды өткөрүү үчүн Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен биринчи болуп Кыргыз Республикасы тандалганын баса белгиледи. Ал санариптик трансформацияны жүргүзүүдө Кыргыз мамлекетинин потенциалы өсүп жаткандыгын белгилеп, корпорация Кыргыз Республикасы менен көптөгөн аспектилерде кызматташууну улантарын белгиледи. Жорж Чен ошондой эле COVID-19 илдетине байланыштуу Кыргыз жергесине келе албай калганына өкүнүчүн билдирди жана жакынкы келечекте барабыз деген үмүттө экенин белгиледи.
Өз кезегинде тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев Фейсбук командасына вебинар өткөрүү демилгеси үчүн терең ыраазычылыгын билдирди. Мындан тышкары өкмөткө, Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине COVID-19га каршы эмдөө программасын жайылтууда көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылыгын айтып, мындан ары кызматташууга үмүтүн билдирди. Сөзүнүн аягында министрдин орун басары Фейсбуктун өкүлдөрүн Бишкекке келип кетүүгө чакырды.
"Вебинар учурунда бардык катышуучулар Фейсбук, Инстаграм жана глобалдык аудиториянын колдонуучулары менен баарлашуунун мыкты жолдору, маалыматты эффективдүү илгерилетүү куралдары, социалдык тармактарда иштөө форматтарын оптималдаштыруу, жарандар менен өз ара аракеттенүүнүн эрежелери жана этикети боюнча баалуу билимдерге ээ болушту", - деп айтылат билдирүүдө.

