super.kg logo

400 окуучуга эсептелген. Бишкекте кыргыз-түрк билим берүү комплекси ачылды

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов жана Түркиянын вице-президенти Фуат Октай Бишкек шаарындагы кыргыз-түрк "Маариф" билим берүү комплексинин ачылыш салтанатына катышты.

"Министрлер кабинетинин атынан жалпы мекендештерди Бишкек шаарында заманбап "Маариф" билим берүү комплексинин ачылышы менен куттуктайм. Балдардын билим алуусуна, өсүп келе жаткан муундун тарбиясына инвестициялоо – туура жана натыйжалуу жол деп ишенем. Жаңы билим берүү комплекси жогорку деңгээлдеги окуу жайларга коюлган заманбап стандарттарга жооп бергендиги кубандырат. Мында балдардын окуусу жана педагогдордун иштөөсү үчүн мыкты шарттар түзүлгөн. Жаңы ийгиликтер жарала берсин", – деди Улукбек Марипов.

Белгилесек, аталган билим берүү комплексин ачуу тууралуу келишимге Билим берүү жана илим министрлиги жана "Маариф" түрк фонду тарабынан 2020-жылдын 10-ноябрында кол коюлган.

Бишкек шаарындагы билим берүү мекемеси 400 окуучуга эсептелген, мында 53 педагог эмгектенмекчи. Окутуучулар курамынын көпчүлүгү – бул жогорку деңгээлдеги жергиликтүү адистер.

Учурда дүйнөнүн 44 өлкөсүндө 300дөн ашуун "Маариф" билим берүү мекемелер тутуму иш алып барууда, анда болжол менен 43 миң окуучу билим алууда.

Мындан тышкары Улукбек Марипов жана Фуат Октай Бишкек мамлекеттик Кыргыз-Түрк достук ооруканасына барды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
10.09.2021. 21:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Ушул ийгиликтүү болуп, Гүленчилердин сапатын жокко чыгарыш керек!
11.09.2021. 00:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Себат болобу же Маариф болобу муну саясий көз карашта эмес, биздин жаш муунга болгон билим инвестициясы деген маанайда карасак жеңиш биздики, бул окуу жайларда ачык айтканда билим берүү денгээли алда канча жогору,булардан тажрыйба үлгү алып алдыга карай өнүгүшүбүз керек. Билимдүү жаштар- мамлекеттин жаркын келечеги!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: