Бишкекте тергөө абагынын жанында качып кетти делинген шектүүнүн видеосу жарыяланды
Бишкекте СИЗО-1дин жанынан качып кеткен 27 жаштагы шектүү ыкчам издөө иштеринин жүрүшүндө колго түшүрүлгөнү Чүй ОИИББинин маалымат кызматы тарабынан белгилүү болгон.
Ал арада шектүүнүн качуу учурундагы видеосу жарыяланды. Анда Адилет Сагынбеков чуркап келип, таксиге отурганын көрүүгө болот.
Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан шектүү СИЗО-1дин жанында болбогонун, окуя жолдо катталганын белгилеген.
Буга чейин "жаза аткаруу тутумунун кызматкерине карата коркутуу же зомбулук көрсөтүү" беренеси боюнча айыпталып кармалган 27 жаштагы Адилет Сагынбековдун качып кеткени маалымдалган.
Ал соттук териштирүү үчүн Ысык-Ата РИИБине жөнөтүлүп, 10-сентябрда Бишкектеги СИЗО-1ге конвойлор менен жиберилгенде СИЗО-1дин жанынан качып кеткен. Бир нече сааттан кийин шектүү Теңдик конушунан колго түшүрүлгөнү кабарланган.


