super.kg logo

Кытайда жарандардын нааразычылыгынан улам 26 миллион долларга жасалган айкел башка жерге коюлат

 

Кытай бийлиги Цзиньчжоу шаарына орнотулган айкелди башка жакка которуу тууралуу чечим чыгарды. Буга жергиликтүү тургундардын нааразычылыгы себеп болгонун чет элдик басылмалар жазышат.

Маалыматка ылайык, легендарлуу генерал Гуань Юйдун айкели Цзиньчжоу шаарына 2016-жылы коюлган. Ал дээрлик 26 миллион долларга жасалган, бийиктиги 58 метр. Бул айкелди "Гиннесстин рекорддор китебине" дүйнөдөгү эң чоң коло айкел катары киргизүү да пландалгандыгы белгилүү болгон. Бирок айкел жергиликтүү тургундардын нааразычылыгын жараткан. Алардын айтымында, айкел келишимсиз жана ал тарыхый шаардын көркүнө шек келтирүүдө, ошондой эле айкел өтө эле кымбат баага сапатсыз жасалган.

Шаар тургундарынын нааразычылыгынан улам Кытай бийлиги чуу жараткан айкелди Цзиньчжоу шаарынан 8 чакырым алыстыктагы жерге орнотот. Аны жаңы жерге орнотуу үчүн 20 миллион доллар сарпталары айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
11.09.2021. 07:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Биздин айкелдерди корушсо олот го кытайлар.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: