super.kg logo

Жогорку Кеңештин төрагасы Венадагы мекендештер менен жолугуп, ички саясий абал жөнүндө сүйлөшүштү

 

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов, депутаттар Уланбек Исмаилов жана Жылдыз Мусабекова Австрия, Чехия жана Словакия өлкөлөрүндө жашаган кыргыздар менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушууда алгач төрага Талант Мамытов Вена шаарындагы иш сапарынын максаты тууралуу учкай кеп кылып, парламент спикерлеринин Бүткүл дүйнөлүк V конференциясында маанилүү маселелер талкууланганын жана бир катар олуттуу жолугушуулар өткөнүн кошумчалады.

Муну менен катар ички саясий абал жөнүндө да маалымат берген Талант Мамытов COVID-19 илдетинин кесепеттерин жоюу багытында жасалып жаткан кадамдар жана 28-ноябрда өтүүчү парламенттик шайлоо тууралуу сөз кылды. Ошондой эле Австрия, Чехия жана Словакия өлкөлөрүндөгү кыргыздардын алган билимдерин жана тажрыйбаларын Кыргыз мамлекетинин туруктуу өнүгүүсү үчүн жумшоого чакырды.

Жолугушуу баарлашуу форматында өтүп, мекендештерди кызыктырган маселелер ачык талкууга алынды.

Анын ичинен Борбордук жана Чыгыш Европа өлкөлөрүндө жашаган Кыргыз жарандарынын кызыкчылыгын, мыйзамдык укуктарын коргоо жаатында тийиштүү өлкөлөр ортосунда керектүү макулдашууларга жетишүү зарылчылыгы көтөрүлдү. Айрыкча аталган чөлкөмдөгү өлкөлөргө өкүлчүлүк мекемелерин ачуунун жана штаттык бирдиктерди көбөйтүүнүн маанилүүлүгү айтылды.

Эки саатка созулган жолугушуунун соңунда төрага Талант Мамытов кыргыздардын мекенчилдигине жана өз журтуна көмөк көрсөтүү багытында жасаган аракеттерине ыраазычылыгын билдирди. Мындан тышкары айтылган бардык сунуштар аткарылары белгиленип, элчиликке консулдук кызмат көрсөтүүлөрдү Европанын башка өлкөрүнө да жайылтуу тапшырмасы берилди. Ошондой эле чет өлкөдөгү мекендештердин биримдигин чыңдап, коомдук иштерде жигердүүлүгүн көрсөткөн мекендештерге Жогорку Кеңештин ыраазычылык каттары тапшырылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: