Бишкекте 6 миң 500дөн ашуун адам акциянын алкагында медициналык кароодон өткөрүлдү

Бишкекте 6 миң 500дөн ашуун адам акциянын алкагында медициналык кароодон өткөрүлдү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайы, шаарда бекер медициналык кароо уюштурулуп, Бишкектеги үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунда коронавируска каршы эмдөөдөн өтүүнүн маанилүүлүгү жана зарылчылыгы боюнча активдүү түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгынын маалыматы боюнча, 1-9-сентябрга чейин 6 миң 676 адам текшерилген, 4 миң 269у тар адистер тарабынан, 3 миң 507 изилдөө жүргүзүлгөн.
Коронавирустун мындан аркы жайылышын алдын алуу максатында өлкө боюнча ири акция жүрүп жатат. Анын алкагында үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда хирург, офтальмолог, невролог, эндокринолог, кардиолог сыяктуу адистер жарандарды кароодон өткөрүүдө.


