super.kg logo

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары менен Европа биримдигинин Борбор Азия боюнча өкүлү кызматташтык тууралуу талкуулашты

 

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Азиз Аалиев Европа биримдигинин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Терхи Хакала менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Азиз Аалиев Терхи Хакаланы Европа биримдигинин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү кызматына дайындалышы менен куттуктады жана биргелешкен аракеттер аркылуу Кыргыз-Европа мамилелери саясий-дипломатиялык, соода-экономикалык, инвестициялык, маданий-гуманитардык тармактарда мындан ары карай өнүгөрүн белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө Европа биримдигинин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Терхи Хакала маалымдагандай, Европа Биримдигинин өлкөлөрү өз ара кызыкчылык туудурган ар кыл багыттарда Борбор Азия өлкөлөрү, анын ичинде Кыргыз Республикасы менен кызматташууну кеңейтүүгө кызыкдар.

Өз кезегинде Азиз Аалиев белгилегендей, кыргыз тарап жакын арада кол коюлчу Европа биримдиги менен кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык тууралуу келишимге өзгөчө маани берет.

Мындан тышкары Терхи Хакала билдиргендей, Европа тарап Бишкек шаарында 2021-жылдын 5-ноябрына пландаштырылган «Европа Биримдиги – Борбор Азия» биринчи экономикалык форумунун өткөрүлүшүн колдойт.

«Иш-чаранын деңгээлин, ошондой эле Борбор Азия менен Европа биримдиги өлкөлөрүнүн өз ара пайдалуу мамилелеринин ырааттуу өнүгүшү үчүн анын маанилүүлүгүн эске алуу менен даярдык иштери жогорку деңгээлде жүрүүдө. Кыргыз Республикасы аталган форумга чоң маани берет», – деп белгиледи министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары.

Тараптар ошондой эле биздин өлкөдөгү жашыл экономиканы алга жылдыруу маселесин талкуулады. Европа тарап Кыргыз Республикасынын аймактарын туруктуу өнүктүрүү максатында аталган демилгени колдоого алууга даярдыгын билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча, өз ара аракеттешүүнүн бардык тармактарында эки тараптуу кызматташтыкты улантуу зарылдыгы тууралуу макулдашуу орун алды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: