super.kg logo

Дүйнө эли 20 жыл мурунку Нью-Йорктогу каргашанын курмандыктарын эскеришүүдө

 

Дүйнө эли 20 жыл мурунку Нью-Йорктогу каргашанын курмандыктарын эскеришет. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Мындан 20 жыл мурун, тагыраагы 2001-жылдын 11-сентябрында тарыхтагы эң кандуу террордук чабуул жасалган. Төрт жүргүнчү учагын барымтага алган 19 жан кечти 3 миңдей адамдын өмүрүн кыйган. Нью-Йорктогу Дүйнөлүк соода борборунун эгиз мунарасына барымтага алынган эки учак келип урунган. Үчүнчү учакты жан кечтилер Пентагон жайгашкан имаратка айдашкан. Төртүнчү учактагы жүргүнчүлөр террорчуларга каршылык көрсөтүүгө аракет кылып, натыйжада учак Пенсильвания штатындагы талаага кулаган. Мунун баары бир убакта - 1 саат 42 мүнөттүн ичинде болгон. Бүткүл дүйнөлүк соода борборунун эгиз мунарасын учак жарып кирген учурда 1366 адам каза болгон. Алардын көбү учактын мунарага кулаган кезинде көз жумса, айрымдары уранды менен күйүктөн алган жаракатынан көз жумган.

Бул кандуу каргашадан кийин көптөгөн өлкөлөрдүн бийликтери улуттук коопсуздукка болгон көз караштарын түп-тамырынан бери кайра карап чыгышты жана АКШ бийлиги көптөгөн жылдарга созулган террорчулукка каршы күрөшүүнү баштаган. Өзгөчө кырдаал болгондон көп өтпөй дүйнөлүк жана жергиликтүү маалымат каражаттары теракттын башында Усама бен Ладен турат деген божомолду жаза башташкан. Жардыруудан бир нече саат өткөндөн кийин Федералдык иликтөө бюросу терактка шектелген жарандардын аты-жөнүн жарыялаган. 2002-жылы Америка өкмөтү тарабынан түзүлгөн комиссия өздөрүнүн отчётунда терактты "Аль-Каида" экстремисттик уюмунун мүчөлөрү ишке ашырганын окушкан. Анда бул терактты ишке ашырууга 400 миңден 500 миң долларга чейин акча каражаты сарпталгандыгы белгиленген.

Бул кандуу датага карата АКШда курмандыктарын эскерүү үч жерде өтөт. Президент Жо Байден Нью-Йорктогу эгиз мунаранын ордуна барып, эскерүү чарасына катышат. Андан кийин президент Пентагондогу үчүнчү учак кулаган жерге барат. Соңунда президент Байден жана вице-президент Камала Харрис Пенсильваниядагы төртүнчү учак кулаган Шанксвилла талаасына барып, маркумдарды эскерет. Дүйнөдөгү ири массалык маалымат каражаттары бул күнгө арналган эскерүүлөрдү өткөрүшөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(10)
11.09.2021. 16:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Булардын акысын Сирия Ирак өлкөлөрүнөн кенен алышты окшойт.Жери эли кошо кырылып кеттиго тегиз болуп ...
11.09.2021. 16:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Акшнын өзүнүн оюну өздөрүнүн башын жегенда. Калп эле террор деп, исламды каралашкан!
11.09.2021. 16:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-11
Диний экстримизм, фанатизм элге жакшылык алып келбейт. Орто кылымдын диний түшүнүгүн, фундаментализмди жактап, үгүттөгөн сабатсыздардан алыс болгула. Бүгүнкү күндө зомбулукту жана мыкаачылыкты түздөн -түз актаган диний агымдар бизде бар. Эн жаманы ушулар.
alimbek94 түзөттү 2021-09-11 16:32:27
11.09.2021. 17:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
alimbek94, арстан алайдын жаңы малайы окшойсуң.
11.09.2021. 18:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Tyty1990,бул жанагы чачын саксайтып чыга берген албарсты эле болсо керек,башка акаунт менен кирип жатат.
12.09.2021. 02:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Samash-87, жооп жазбай кал күлбөгөндү да күлдүртөсүң.
12.09.2021. 07:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Samash-87,Мен да ошентип ойлойм.Почерки окшош болуп жатат.
11.09.2021. 19:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Моссондор уюштурган бул терактты, мусульмандарга каршы согуш чыгарыш үчүн,бизнесс борбору не выгодно болгон экен менин угушум боюнча,электр энергиясын абдан көп сарптачу экен
12.09.2021. 02:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жөнөй элдер ортодо мерт болушкан экен да.
12.09.2021. 11:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сирия, Ирак олколорундо канчалаган адамдарды кырып салышты, бирок аны дуйно эли кормоксонго алат. Кыскача айтканда коопчулук олко акш нынче жугундуларын ичип, алар менен тили бир болуп калганда.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: